7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ИИМ: Кыргызстанда жаңы жыл түнү тынч өттү, олуттуу кырсыктар катталган жок

5

Жаңы жыл түнү тынч өттү, республиканын аймагында олуттуу кылмыштар жана укук бузуулар катталган жок. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн күнү ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча тапшырмаларды аткарышты. Майрамдык иш-чаралар өткөрүлгөн жайларда жана калк көп чогулган башка жерлерде укук тартибине туруктуу жана күчөтүлгөн көзөмөл жүргүзүлдү.

Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрү жаңы жыл түнү коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүштү.

29-декабрдан баштап ички иштер органдарынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүп, милициянын жана тергөө-ыкчам топторунун күчөтүлгөн кезметтери уюштурулду.

Ички иштер органдарынын бардык өздүк курамынын күчү коомдук коопсуздукту камсыздоо, укук тартибин сактоо, жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар тууралуу бардык билдирүүлөргө жана сигналдарга ыкчам жооп берүү, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маанилүү тапшырмаларды аткарууга багытталды.

Белгилей кетсек, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого ички иштер органдарынын он эки миңден ашык кызматкери тартылган.

 

6