7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат Самаковго жооп: Нарында электр энергияга болгон 3кВт чектөө буга чейин эле алынган

10

Нарында электр энергияга болгон 3Вт чектөө буга чейин эле алынган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин пресс-катчысы Айзада Сулайманова фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, Нарындагы катаал климаттык шартты эске алып, буга чейин эле 4 кВтка көбөйтүлгөн.

“Саламатсыздарбы! Депутат Кубанычбек Самаков Фейсбук баракчасы аркылуу Энергетика министрлигине, “Нарында суук болуп жатат, электр энергиясына болгон 3 кВт чектөөнү алып салыңыздарчы”-деп кайрылуу кылыптыр. Нарындагы катаал климаттык шартты эске алып, буга чейин эле 4 кВтка көбөйтүлгөн. Эл өкүлүнүн кабары жок окшойт. Мындан тышкары, Нарын облусу боюнча көмүр менен камсыздоо запасы менен турат, элге арзан баада сатылууда. Министрлик күн суук болоорун билип, алдын-ала кам көргөнүн маалымдайбыз. Көмүр боюнча толугураак видеодо”, — деп жазган.

11