7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Залкарбек Табалдиев эл аралык эркин күрөш турниринде алтын медалга ээ болду

231

Кыргызстандык спортчу Залкарбек Табалдиев Yasar Dogu атындагы эл аралык эркин күрөш турниринде алтын медалга ээ болду. Мелдеш Түркиянын Анталия шаарында аяктады.

Табалдиев 70 килограмм салмактагылар арасында күч сынашып, 1/8 финалдан баштаган.

Ал түрк спортчуларына каршы катары менен үч беттеште жеңишке жетип, финалга чыккан. Андан кийин Париж Олимпиадасында Албаниянын атынан коло байге ээси Ислам Дудаев менен беттешкен.

Залкарбек Табалдиев 7-4 эсебинде жеңишке жетип, алтын медалды тагынды. Ушул эле салмакта күч сынашкан республикабыздын дагы бир өкүлү Рустам Кахаров коло медалды жеңип алган.

Буга чейин кыргызстандык Билол Шарип уулу “Ясар Догу” атындагы эл аралык эркин күрөш турниринде 65 килограмм салмактагылар арасында алтын медалды жеңип алган.

232