Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, 9–11-январь күндөрү Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде коопсуздук талаптарынын жана курулуш эрежелеринин сакталышына мониторинг жүргүзүлүүдө.
Аталган иштер министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаарындагы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүп, курулуш объектилериндеги эмгек коопсуздугу, техникалык регламенттердин жана долбоордук талаптардын аткарылышы текшерилүүдө.
Мониторингдин негизги максаты-курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, мүмкүн болгон мыйзам бузуулардын алдын алуу жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Текшерүүнүн жыйынтыгына жараша аныкталган кемчиликтер боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.



