2026-жылдан тартып алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкалары жогорулайт. Бул тууралуу Салык кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тартып алкоголдук продукцияга карата колдонулуп жаткан акциз салыгынын ставкалары жогорулайт.
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан 2029-жылдын 1-январына чейинки мезгилде алкоголдук продукцияга акциз салыгынын ставкаларын этап-этабы менен жогорулатуу каралган. Тактап айтканда, 2026-жылдын 1-январынан тартып аракка карата акциз салыгынын ставкасы литрине 200 сомду түзөт», — делет маалыматта.



