Министрлер кабинети Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы туризм тармагындагы кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитти. Документке 2025-жылдын 8-июлунда Душанбе шаарында кол коюлган.
Токтомго ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлиги макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга жооптуу орган болуп дайындалды. Мекеме тараптардын туризм тармагындагы практикалык кызматташуусун координациялайт.
Тышкы иштер министрлигине келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон бардык мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргызстан тарабынан аткарылганы тууралуу тажик тарапка расмий түрдө билдирүү тапшырылды.
Токтом он күндөн кийин күчүнө кирет.



