Бишкек мэриясы борбор калааны 2050-жылга чейин өнүктүрүүнүн Башкы планы боюнча жарандардын кайрылууларына жооп берип жатып, шаарда жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгү жогору болгон ылдамдатылган транспорттун 3 жаңы системасын түзүү каралып жатканын билдирди:
- шаардык электр поезди;
- трамвай;
- метробус.
Бул жерде 2050-жылга карата транспорттун түрүн көрсөтпөстөн (ал автобус, электр автобус, троллейбус, суу автобусу же башка келечектүү рельссиз транспорт болушу мүмкүн) атайын рельссиз коомдук транспорт линияларын өнүктүрүү каралууда.
Мэрия Башкы пландын максаты — жалпы транспорттук агымдан бөлүнүп чыккан, жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгү жогору ылдамдатылган транспорттун түрлөрүн өнүктүрүү аркылуу коомдук транспорттун жагымдуулугун арттыруу экенин белгилейт.
«Коомдук транспорт жеке унааларга караганда ылдам болуп (анын ичинде тыгындарда турбаса) жана жүргүнчүлөр үчүн тиешелүү талаптарына жооп бергенде гана коомдук транспортту колдонгондор көбөйүп, ал эми жеке унаа колдонгондордун саны азаят деп болжолдонууда», — деп түшүндүрүштү мэриядан.



