7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Тазалык” МИсинин өнүгүүсүндөгү жаңы этап: Бишкекте заманбап база курула баштады

13

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык  ишканасынын жаңы өндүрүштүк базасынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда объекттин курулушу башталып, бардык иштерди 2026-жылдын жай айларына чейин толук бүтүрүү пландалууда.

“Тазалыктын” кызматкерлеринин иштөө шарттарын жакшыртуу максатында заманбап өндүрүштүк базаны куруу чечими кабыл алынды.

”Жаңы объект ишкананын материалдык-техникалык базасын кыйла чыңдоого, эмгек коопсуздугун жогорулатууга, кызматкерлер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө, иштин натыйжалуулугун жана коммуналдык кызматтардын сапатын арттырууга мүмкүнчүлүк берет. Жер тилкесинин жалпы аянты 4,13 гектарды, ал эми имараттардын жалпы аянты 11 500 чарчы метрди түзөт. Базанын аймагында өндүрүштүк жана оңдоо цехтери, атайын техникалар үчүн ангарлар, техникалык туз сактоочу кампа, таштанды жүктөө-өткөрүү станциясы, атайын техникалар үчүн токтотмо жайлар, ошондой эле ишкана кызматкерлери үчүн социалдык-тиричилик жана спорттук объекттер жайгашат”, — деп жазылат маалыматта.

Капсуланын салынуусу  «Тазалык» муниципалдык  ишканасынын өнүгүүсүндөгү жаңы этаптын башталышын символдоп, шаардык санитардык тейлөөнүн деңгээлин жана борбор калаанын тургундарынын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган кезектеги маанилүү кадам болуп калды.

14