7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарга батир берилмей болду

1

Ош шаарындагы үй-бүлөлүк балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдар батир менен камсыз болот. Бул тууралуу Ош шаардык мэринин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин тапшырмасына ылайык Ош шаарындагы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн тарбияланып чыккан балдарды турак жай менен камсыз кылуу максатында 28 батирден турган көп кабаттуу турак жай курулуп жатат. Шаар башчысы курулуштун жүрүшүн жеринен көрүп чыгып, балдарга жагымдуу жана коопсуз шарт түзүү керектигин билдирди.

Турак үйлөр аталган боорукердик үйлөрүнөн тарбияланып чыккан балдарга 10 жылдык мөөнөткө акысыз берилет. Алдыда шаар башчысы тарабынан балдардын келечегине кам көрүү, аларды турак жай менен камсыз кылуу жана социалдык жактан колдоо көрсөтүү багытындагы иштер улантыла бермекчи. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланууда.

2025-жылы “Лотос” жана “Алтын уя” балдар үйүнөн жалпы 15 бала тарбияланып чыккан. Алардын туруктуу жашай турган үйлөрү жок болгондуктан, шаар бийлиги тарабынан атайын чечим кабыл алынган.

Белгилей кетсек, ушул жылы балдар үйүнөн дагы 9 бала тарбияланып чыгуу алдында турат. Анын ичинен “Лотос”боорукердик үйүнөн 5 бала, “Алтын уя” балдар үйүнөн 4 бала бүтүрөт. Жакынкы айларда көп кабаттуу турак жайдын курулушу толук аяктап, пайдаланууга берүү мерчемделүүдө.

2