2026-жылы ыйык Рамазан айы 18-февралда башталат. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, Рамазан айындагы эң улуу түндөрдүн бири Кадыр түн (Ляйлатуль-кадр) 16-марттан 17-мартка караган түнгө туура келип, салт боюнча орозонун 27-түнү белгиленет.
Рамазан айынын аякташы жана Орозо айт майрамы алдын ала 20-мартка белгиленүүдө.
Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы Рамазан айынын башталышы жана аякташы ай календарына ылайык аныкталып, жаңы айдын чыгышына байкоо жүргүзүлгөндөн кийин гана расмий түрдө бекитилет. Көрсөтүлгөн даталар алдын ала мүнөздө болуп, муфтият тарабынан кошумча тастыкталат.



