Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөө максатында Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын пайдаланууга берүү долбоору активдүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, долбоор Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каржылык колдоосу менен ишке ашырылып, эл аралык Fichtner GmbH & Co. KG консалтингдик компаниясы техникалык коштоо жана инженердик көзөмөл жүргүзүүнү камсыздоодо.
Эл аралык тендерлердин жыйынтыгында иштин бардык багыттары боюнча подрядчылар тандалып алынган:
- №1 жана №2 лоттор боюнча — DEC–SM консорциуму (Кытай/ Корея);
- №3 лот боюнча — Sinohydro Bureau 16 компаниясы (Кытай).
Учурда курулуш аянтчалары даярдалып, жумушчулар үчүн кеңсе жана турак жай имараттарынын пайдубалы куюлду. Ошондой эле №2 гидроагрегаттын суу өткөргүчү жана №1 агрегаттын компенсатору текшерүүдөн өттү. Негизги курулуш-монтаждоо иштерине өтүү үчүн даярдыктар башталды.
«Бул долбоор Нарын дарыясынын потенциалын натыйжалуу колдонууга, электр энергиясын иштеп чыгууну көбөйтүүгө жана кышкы мезгилдеги тартыштыкты азайтууга шарт түзөт. «Электр станциялар» ААК иштин графигин туруктуу көзөмөлдөп жатат», — деп айтылат маалыматта.



