7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкектин мурдагы вице-мэри менен “Бишкек санитардык полигону” ишканасынын экс-директору кармалды

187

Бишкек шаардык мэриясынын кызматкерлери таштанды полигонун долбоорлоо жана куруу учурунда каражатты туура эмес пайдалануу фактысы менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, таштанды полигонун куруу үчүн кредиттик уюм тарабынан долбоорду ишке ашыруу үчүн 2015-жылы 22 млн.евро бөлүнгөн.Жүргүзүлгөн аудиттин натыйжалары боюнча

бөлүнгөн кредиттик каражаттардан бюджетке келтирилген алдын ала зыян болжол менен 182 млн.сомду түздү.

2025-жылдын 12-январында КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) боюнча Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри С.Р.А., «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.А.Ж., подряддык компанияларынын жетекчилери И.В.Р., А.Н.Б. кармалып, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда КР УКМК тарабынан бюджетке келтирилген зыяндын акыркы суммасын жана ага тиешелүү мамлекеттик органдардын бардык кызмат адамдарын аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

188