7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Эми бийик тоолуу аймактардын жашоочулары ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алат

25

Эми бийик тоолуу аймактардын жашоочулары ай сайын 3 миң сомдон жөлөкпул алат. Бул тууралуу Тогуз-Торо райондук Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Чолпонай Жеңишова билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү документтерди 2026-жылдын 12-январынан тарта тапшырууга болот.

“Бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган, үчүнчү жана андан кийинки ар бир бала төрөлгөндө, 3 жашка чейинки балдары бар жарандарга (үй-бүлөлөргө), кирешеге карабастан ай сайын 3000 сомдон жөлөкпул төлөнөт. Аталган нормативдик актыларга ылайык тиешелүү адистер тарабынан алгачкы документтер кабыл алына баштады”, — деп берилет маалыматта.

Жөлөкпул чегерүү үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  •  Ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү;
  • Балдардын туулгандыгы тууралу күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү;
  • Никелешүү тууралу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • Банктык эсеп;
  • Түндүктөн үй-бүлө курамы тууралуу маалымкат.
26