7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Суукка байланыштуу Бишкек шаарынын ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт

184

Абанын температурасы кескин төмөндөгөнүнө байланыштуу Бишкек шаарынын ЖЭБи жогорку даярдык режимине өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ушуга байланыштуу, электр жана жылуулук менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн авариялык бригадалар күчөтүлдү, техникалык жана оперативдүү персоналдын күнү-түнү иштөө нөөмөтү уюштурулду, ошондой эле негизги жана көмөкчү жабдуулардын ишине кошумча көзөмөл камсыздалды.

Штаттан тышкаркы мүмкүн болгон кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн ишкананын бардык кызматтары тынымсыз байланышта турат.

Бишкек шаарынын ЖЭБи төмөнкү температура шартында керектөөчүлөрдү туруктуу жана ишенимдүү жылуулук жана электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

185