Бишкектеги Ош базарында жайгашкан этти дүңүнөн (оптом) сатуу жайы 2026-жылдын 14-январынан тарта ишин токтотту. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Тактап айтканда, мындан ары борбор калаадагы эттин дүң сатуу Биринчи май районунун Маевка аймагындагы «Алтын-Така» мал базар комплексиндеги «Чүйгүн» эт павильонунда жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, аталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атайын токтомун аткаруу багытында жүргүзүлүп, ветеринардык жана фито-санитардык коопсуздук эрежелерин сактоо максатында кабыл алынган. Бул чаралар эт азыктарынын коопсуздугун камсыздоого жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоого багытталган.
Жаңы «Чүйгүн» эт павильону жалпы 800 чарчы метрди ээлеп, санитардык-гигиеналык талаптарга толук жооп берет. Павильондо төмөнкү объекттер каралган:
-Ветеринардык кызматтын кеңсеси жана лабораториясы
-Карантиндик эт сактоочу жай
-90 чарчы метрлик муздаткыч камера
-Башка кызмат көрсөтүүчү бөлмөлөр
Бул өзгөрүү Бишкек шаарынан жана өлкөнүн башка аймактарынан эт азыктарын ташып келген ишкерлер, дүң сатуучулар жана сатып алуучулар үчүн маанилүү жана ыңгайлуу жаңылык болуп саналат. Мындан ары эт азыктары коопсуз, таза жана тартипке салынган шартта соодага чыгарылат.



