Айып короодо жол-транспорт кырсыгына кабылган унаалар турат. Бул темир сыныктары эмес — бул адам өмүрү менен байланышкан кайгылуу окуялардын жыйынтыгы. Жол эрежелерин бузуу оор жаракаттарга жана адамдардын каза болушуна алып келет.
Ылдамдыкты ашыруу, мас абалында унаа башкаруу, телефонго алаксыш, коопсуздук курун тагынбоо жана жол белгилерин тоготпоо — бул жөн гана мыйзам бузуу эмес. Бул ата-энесиз калган балдар, жакындарынан айрылган үй-бүлөлөр.
МККБ бардык айдоочуларга кайрылат: рулда олтурганда ката кетирүүгө орун жок. Бир секунддук кайдыгерлик адам өмүрүнө тете. Жол эрежесин сактоо — ар бир жарандынын адамдык милдети.



