7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сауд Аравияда 142 жаштагы карыя каза болду

20

Сауд Аравиянын 142 жаштагы эң кары жашоочусу Насер аль-Вадаи падышалыкта каза болду. Бул тууралуу РИА Новости «Оказ» гезитине шилтеме берип билдирди. 

Жакындарынын айтымында, аль-Вадаи 1884-жылы Дахран-эль-Джануб аймагында төрөлгөн. Ал падышалыктын негиздөөчүсү Абдель Азизден баштап, азыркы башкаруучу Салманга чейинки бир нече сауд монархтарынын доорунда жашаган.

Туугандарынын айтымында, аль-Вадаи жумшак мүнөзү, эр жүрөктүүлүгү жана физикалык күчү менен белгилүү болгон. Анын узак жашашынын негизги себеби катары жакындары тамактануу режимин эсептешет.

Дахран провинциясынын түштүк бөлүгүндөгү Ас-Сук мечитинде өткөн жаназа намазына жети миңден ашык адам катышты. Кийинчерек ал өзүнүн туулган айылы Аль-Рашидде жерге берилди. Ошондой эле анын үй-бүлөсү карыянын абдан динчил болгонун жана 40тан ашык жолу ажылык сапарга барганын кабарлады.

Басылманын маалыматы боюнча, үч никеден карыянын 134 баласы жана небереси калган. Ал акыркы никесин 110 жашында куруп, аялы ага тогуз бала төрөп берген.

21