Бүгүн саат 09:00гө карата өлкөнүн ашууларында жол ачык, каттам бар. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
«Кыргызавтожол-Түштүк» жана «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканалары тарабынан тазалоо, тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.
Белгилей кетсек, буга чейин 17-19-январь күндөрү өлкө аймагында абанын температурасы кескин өзгөрөрү кабарланган.



