7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Майлуу-Суу жана Ноокендин социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары менен таанышты

17

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Майлуу-Суу шаарынын жана Ноокен районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, үстүбүздөгү жылдын тогуз айындагы иштин натыйжалары, ошондой эле жаңы долбоорлорду ишке ашыруу пландары менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, социалдык объектилерди куруу, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, жол тармагын жаңылоо жана тургундардын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча маалымат берилди.

Майлуу-Суу шаарында инфраструктураны комплекстүү өнүктүрүүгө жана жаңылоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2021-жылга салыштырмалуу 2025-жылы шаар бюджетинин аткарылышы 196,1%га өскөн.

2025-жылы президенттин Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен бир катар иштер жүргүзүлүп, анын ичинде 9,7 чакырым жол асфальтталган.

2027-жылга шаарды өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашырууну караган жол картасы даярдалган. Тактап айтканда, жолдорду оңдоого жана инфраструктураны өнүктүрүүгө 585 млн сом, туризм тармагын, анын ичинде экотуризмди өнүктүрүүгө 215 млн сом, жашыл жана коопсуз шаарды калыптандырууга 125 млн сом, ошондой эле шаардын тарыхый-архитектуралык көрүнүшүн сактоого жана сырткы келбетин жакшыртууга 75 млн сом бөлүү пландалууда.

Мындан тышкары, шаардын дараметин кеңейтүү мүмкүнчүлүгү, анын ичинде № 76 кесиптик лицейдин базасында жогорку окуу жайын ачуу маселелери каралууда.

Чечүүнү талап кылган маселелердин катарында калкты таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, лампа заводунун ишин кайра жандандыруу, мунай өндүрүүдөн түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке чегерүү, турак жай куруу үчүн жер тилкелеринин жетишсиздиги жана шаардык инфраструктураны мындан ары өнүктүрүү белгиленди.

Ноокен районунда 2021-2025-жылдары 14 жаңы мектеп жана 13 бала бакча пайдаланууга берилген. 17 мектепте жана алты бала бакчада капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

Саламаттык сактоо тармагында 17 жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилген, дагы 11 объект капиталдык оңдоодон өткөн. Спорттук инфраструктураны өнүктүрүү максатында 21 кичи футбол стадиону жана 11 спорт зал курулган.

Турукташтыруу фондунун каражаттарынын жана максаттуу трансферттердин эсебинен аймакты көрктөндүрүү жана инфраструктураны жаңылоо боюнча бир катар иштер жүргүзүлгөн. Тактап айтканда, 40 көп кабаттуу үйдүн фасаддары жаңыланып, «Кең-Сай» өткөрүү пунктунун айланасы көрктөндүрүлгөн, 3,46 чакырым жол асфальтталган, алты даана техника сатып алынган, Шамалды-Сай шаарынын мэриясынын жаңы имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлүп, эс алуу багы реконструкцияланган.

Мындан тышкары, 6,8 чакырым суу түтүк тармагы тартылып, көчөлөргө жарык берүүчү чырактар орнотулган, тротуарлар көрктөндүрүлүп, бала бакчанын чатыры алмаштырылган жана «Айгүл» бала бакчасы үчүн эмеректер сатып алынган.

Жалпысынан 2021–2026-жылдары райондо 102,53 чакырым жол асфальтталып, 30 айылдын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыз болгон.

2026-жылы төрт ишкана ачылган, дагы алты ишкананы ишке киргизүү пландалууда. Келечектүү өндүрүштүк долбоорлордун катарында мунайды кайра иштетүүчү завод, мрамор плиталарын өндүрүүчү ишкана, ошондой эле «Кең-Сай» цемент заводу бар.

Ипотекалык турак жай курулушу уланууда: Кочкор-Ата шаарында 954 батирлүү турак жай комплекстери, Д. Садырбаев атындагы айыл аймагында 990 батирлүү турак жай комплекстери курулууда.

Райондун негизги көйгөйлөрүнүн катарында эки шаарда жана бир айыл аймагында ичүүчү суу менен камсыздоо жана канализациянын ички тармактарын алмаштыруу, ошондой эле саркынды сууларды тазалоочу курулмаларды куруу зарылдыгы айтылды.

Мындан тышкары, мектептер жана бала бакчалар үчүн жаңы имараттарды куруу, ошондой эле заманбап оорукана салуу зарылдыгы белгиленди.

18