Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык, 19-январдан 21-январга чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу, Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт:
- Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарынын Төө-Ашуу ашуусу, 198-255-чакырымдарындагы Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында;
- Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарындагы Чапчыма ашуусу;
- Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110-чакырымдарында;
- Каракол – Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы Чоң-Ашуу ашуусунда;
- Балыкчы – Казарман –Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарындагы Көк-Арт ашуусунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Унаа жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



