2026-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда 5 547 бош вакансия катталган.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, эң жогорку суроо-талап жумушчу кесиптерге болууда.
Учурда республика боюнча расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,3 пайызды түзөт. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жумушсуз жарандардын саны 56,5 миң адамга жетет, алардын ичинен 38,1 миңи расмий түрдө жумушсуз катары катталган.
2025-жылы Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын көмөгү менен 17 454 жаран жумушка орноштурулган. Учурда төмөнкү кесиптер боюнча бош жумуш орундары бар:
Кызматтар боюнча – 1296:
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана мектептердин тарбиячылары – 350;
- медициналык кызматкерлер (дарыгерлер, медайымдар, фармацевттер, санитарлар) – 320;
- кассирлер – 151;
- сатуу агенттери – 63;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер – 36;
- менеджерлер – 95;
- бухгалтерлер – 150;
- юристтер – 24;
- экономисттер – 40;
- администраторлор – 96;
Жумушчу кесиптер – 4 251:
- компьютердик адистер – 253;
- ашпозчулар – 420;
- соода агенттери – 400;
- тигүүчүлөр – 1 850;
- ширетүүчүлөр – 150;
- курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, жыгач уста, токарь, слесарь, бетон куюучу ж.б.) – 373;
- айдоочулар – 1 000;
- тейлөө тармагынын кызматкерлери (чач тарач, маникюр чебери, официант, косметолог, курьер, ашпозчу, кондитер, наабайчы ж.б.) – 178.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, орточо айлык маяна төмөнкүдөй:
- финансы тармагында – 67 121 сом;
- өнөр жай тармагында – 66 990 сом;
- транспорт тармагында – 58 657 сом;
- курулушта – 57 472 сом;
- соода-сатык тармагында – 47 125 сом;
- айыл чарба тармагында – 33 462 сом;
- кызмат көрсөтүү тармагында – 29 679 сом;
- саламаттыкты сактоо жана социалдык тейлөө тармагында – 28 082 сом;
- билим берүү тармагында – 27 054 сом;
- маданият тармагында – 24 861 сом.
Жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кененирээк маалыматты аймактык иш менен камсыз кылуу кызматтарынан алууга болот.



