УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатат. Бул тууралуу аталган кызмат билдирди.
19-январда К.Ташиев козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу тараптар менен жолугушту. УКМКнын штабында өткөн жолугушууга кармалган жаран да катышты.
Маалым болгондой, шектүү мурда бир нече жолу соттолгон жана узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган.
Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан кийин пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон. Ал турак жайларды, жер тилкелерди жана коммерциялык объекттерди нотариустардын катышуусу менен жалган жана ойдон чыгарылган бүтүмдөр аркылуу ишке ашырылган Тергөө өзгөчө «Эксперт Строй» ЖЧКсынын («Шёлковый путь» турак жай комплекси) жана «Арз Девелопмент» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө багытталган.
Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында “Шёлковый путь” ТЖК, «Арз Девелопмент» ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган. К.Ташиев УКМК кызматкерлерине бардык күрөөканалардын ишин, анын ичинде пайыздык чендерин жана насыянын шарттарын текшерүүнү тапшырды.
Ошондой эле К. Ташиев аталган кылмыш ишин тергөөнү жеке көзөмөлүнө алынганын билдирди. Аны менен катар эле тиешеси бар адамдарды аныктап, жабырлануучуларга компенсация төлөөнү тапшырды.



