7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Быйыл Бишкекте 42 миң «акылдуу» эсептегич орнотулат

9

2026-жылы Бишкек шаарында 42 миң «акылдуу» эсептегич орнотуу пландалууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эсептегичтер Бишкек электр тармактар ишканасы тарабынан орнотулууда.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Бишкек шаарынын райондорунда жалпысынан 28 миң «акылдуу» эсептегич орнотулду. Анын ичинде:

  • Ленин районунда — 9 140;
  • Свердлов районунда — 4 659;
  • Биринчи Май районунда — 11 742;
  • Октябрь районунда — 2 374.

Акылдуу эсептегичтердин артыкчылыктары:

  • көрсөткүчтөрдү серверге реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө өткөрүп берет;
  • керектөө белгиленген кубаттуулуктан ашкан учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрөт;
  • дебитордук карыз болгон учурда электр энергиясын автоматтык түрдө өчүрүп, төлөм жүргүзүлгөндөн кийин кайра күйгүзөт;
  • эсептегичке тыштан кийлигишүү аракети аныкталганда дароо кабар берет;
  • жеткирилген электр энергиясынын сапатын жогорулатат;
  • электр энергиясын уурдоонун коркунучтарын азайтып, контролёр менен керектөөчүнүн түз байланышына болгон муктаждыкты кыскартуу аркылуу адам факторун жокко чыгарат;
  • электр жабдууларын ашыкча жүктөөдөн коргойт.
10