Экономика жана коммерция министрлиги «Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын камсыздоо максатында жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты.
Ведомствонун маалыматына караганда, бул демилге адал стандарттарынын ченемдерин бузган же адал белгисин мыйзамсыз колдонгон тараптарга карата конкреттүү жоопкерчиликти белгилөөнү көздөйт. Мындай чаралар керектөөчүлөрдүн укугун коргоого жана өлкөдөгү адал индустриясынын сапатын көтөрүүгө багытталган.
Ошол эле учурда адал-сертификаттоо тутумун өркүндөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө, анын ичинде сертификаттарды берүүнү санариптештирүү, өндүрүштү жана продукцияны маркировкалоону контролдоонун ачык жана натыйжалуу жол-жоболорун киргизүү каралууда.
«Бул чаралар керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыздоого жана Кыргыз Республикасынын аймагында адал продукцияга болгон ишенимди жогорулатууга багытталган», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, мурда аныкталган мыйзам бузуулар, анын ичинде айрым өндүрүүчүлөрдүн продукцияларында чочконун ДНКсы табылган учурлар, өндүрүш процесстерин кайра карап чыгуу жана кайрадан лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу жоюлган.



