Чүйдөгү Спартак айылында унаа өрттөнүп, кырсыктын кесепетинен 26 жаштагы жигит менен 16 жаштагы окуучу кыз каза болду. Маркумдун экөө тең Спартак айылынын тургундары болгон.
Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жигит унааны 9 күн мурун эле алган. Ал 11-январда электрикке кайрылып, сол тарабындагы фарасы иштебей жатканын айткан.
“Электрик автонун техникалык абалы өтө начар экенин, электр зымдары ачык болуп, салондон бензиндин жыты чыгып жатканын, унааны колдонуу кооптуу экенин эскерткен. Маркумдардын сөөгү моргго жеткирилип, экспертизалар дайындалды”, — деп жазылат маалыматта.



