Ошто аэропортко барчу жолдун ирригациялык инфраструктурасы оңдолот. Бул тууралуу бүгүн мэр Жеңишбек Токторбаевдин тиешелүү кызматтар менен биргеликтеги таңкы рейдинде белгилүү болду.
Мэриядан билдиришкендей, кыдыруунун алкагында шаар мэри аэропортко барчу жолдун ирригациялык инфраструктурасын өнүктүрүү жана иретсиз өскөн дарактарды иретке келтирүү максатында тиешелүү кызматтарга чирип, жараксыз абалга келген дарактарды алып салып, алардын ордуна жаңы көчөттөрдү отургузуу боюнча тапшырма берди.



