7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орунтаев министрликтеги 500 миң сомдук айлыктын чоо-жайын түшүндүрдү

25
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармакта талкууланып жаткан 500 сомдук айлык эмнеден улам төлөнөрүн түшүндүрүп берди.
«Биздин бардык департаменттерибиз өзүн-өзү камсыздоо механизми менен иштеп келет. Бизде орточо айлык маяна 150 миң сом, ал эми кээ бир департаменттерде 500 миң сомго чейин айлык маяна алат. Тагыраак айтканда, ким кандай иштесе, ошого жараша айлык алат», — деген Орунтаев.
Министр бул алардын сейрек билимге ээ болгонуна байланыштуу экенин айтты.
«Көпчүлүгү архитектор, куруучу, конструктор, инженерлер. Аларга эмгек рыногунда суроо-талап күч. Бул кызматкерлер көп кабаттуу, оор инженердик объектилердин курулушунун тийиштүү документтерин жана долбоорлорун текшерип, ошол объектилер үчүн жооп беришет. Ошол себептен алар ушундай айлык маяна алат», — деди Орунтаев.
Орунтаев ошондой эле мекемедеги адистердин орточо айлыгы 150-160 миң сом экенин белгилеп, адистерди жумушка чакырды.
26