7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Талас облусунда 1 миллиард сомдук буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат

24

Талас облусунда 1 миллиард сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Алмасбек Абытов билдирди.

Анын айтымында, өкмөт Талас облусундагы дыйкандарга буурчак сатууда колдоо көрсөтүү үчүн аракеттерди көрүп жатат.

«Кыргызагрохолдингдин маалыматы боюнча, өткөн жылы Таласта дыйкандардан төө буурчак сатып алуу үчүн 100 миллион сом бөлүнгөн. Натыйжада, килограммы 95 сомдон 1 миллион 700 миң 453 килограмм буурчак сатылып алынган», — деп белгиледи Алмасбек Абытов.

Ал кошумчалагандай, төө буурчак экспортуна шарттарды түзүү боюнча потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Андан тышкары, президенттин 2025-жылдын ноябрь айында Талас облусуна болгон сапарында төө буурчак чогултуу пункттарын түзүү жана 1 миллиард сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод куруу боюнча тапшырма берилген», — деп жыйынтыктады Алмасбек Абытов.

25