Бүгүн балдардын интернетти жана онлайн-оюндарды колдонуусуна чектөө киргизүү маселесин коюлду. Бул маселени Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Аматов кезектеги жыйында көтөрдү.
Анын айтымында, мектеп окуучулары топ-тобу менен Roblox жана Minecraft сыяктуу оюндарды түз эле мектептерде ойноп жатышат.
“Бул оюндарда ар кандай адамдар бар. Балдар алар менен комментарийлер аркылуу кат алышат. Алардын арасында ою жаман адамдар, анын ичинде педофилдер да болушу мүмкүн. Ошондой эле балдар ата-энелеринин банктык карталарынан акча которгон учурлар да катталган”,-деди депутат.



