Бүгүн, 21-январда, президент Садыр Жапаров жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн тигүү тармагынын, маркетплейстердин, логистикалык компаниялардын, мамлекеттик жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Жолугушууда тармакты өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлүү маселелери айтылып, аларды чечүү боюнча сунуштар берилип, талкуу жүрдү.
Мамлекет башчысы жеңил өнөр жайы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин баса белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевге, ошондой эле тиешелүү министрлерге жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана тармакты мындан ары өнүктүрүүгө багытталган бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.



