Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аймактык жетекчилер менен 2026-жылга карата калкты иш менен камсыз кылууга багытталган иш-чараларды талкуулады. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.
Маалым болгондой, жыйындын жүрүшүндө акы төлөнүүчү коомдук иштерди жана «Жумуш үчүн азык-түлүк» долбоорун айкалыштыруу маселелери, 2026-жылга карата иш менен камсыздоо багытындагы активдүү жана пассивдүү чаралардын көрсөткүчтөрү жана каржылоо көлөмү, социалдык контрактты ишке ашыруудагы кемчиликтер жана тоскоолдуктар, пайызсыз кредит берүү, ошондой эле жаштар стажировкасын өнүктүрүү маселелери каралды.
Министрдин биринчи орун басары Камчыбек Досматов мындай жолугушууларды жана окутууларды өткөрүү аймактык башкармалыктардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуудагы маанилүү фактор экендигин белгиледи.



