Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия №13 округдагы кайра шайлоодо депутаттыкка талапкерлигин койгусу келген жарандардан арыздарды кабыл алууда.
Шайлоо 1-мартта өтөт.
Төмөнкүлөр арыз тапшырышты:
- Койчуманова Нуркан Кадыровна, 17.09.1967, Улуттук жазуучулар союзунун ЖалалАбад облустук бөлүмүнүн төрагасы.
- Исраилжан уулу Өсөрбек, 12.03.1992, убактылуу иштебейт.
- Мансуралыев Залкарбек Медетбекович, 01.01.1998, «Кыргыз Петролеум Компани» компаниясында юрист.
- Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович, 16.06.1969, Майлуу-Суу шаардык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар коомунун жетекчиси
- Чомоев Алмазбек Алтынбекович, 13.10.1979, жеке ишкер.
- Базаркулова Нурсыйда Манасовна, 15.09.1973, Ж. Бөкөнбаев атындагы мектепинтернаттын мугалими.
- Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович, 22.03.1978, убактылуу иштебейт
- Мацаков Бакыт Калбаевич — 01.06.1989, «БОУЛ» компаниясынын башчысы
- Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна — 29.10.1976, Бажы кызматында түштүк аймагы боюнча бөлүм башчы
- Матсаков Кадырбек Мусаевич — 31.03.1977, жактоочу
- Чолпонов Уланычбек Калдарбекович — 01.03.1981, Базар-Коргон райондук электр тармактарынын жетекчиси
- Калматов Токторали Калдарович — 29.05.1976, жеке ишкер
- Асанов Уланбек Жалалович – 30.11.1970, «Виртуалдык активдердин эмитенти» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы



