7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Абалы өтө оор эле…» Өзгөндө хижама жасалган 2 айлык наристе чарчап калды

232

Өзгөндө 2 айлык ымыркайга хижама жасаткандан кийин чарчап калды. Бул тууралуу Өзгөн жалпы дарылердик-практикалык борборунун директору Бермет Масадыкова “Кабар” агенттигине билдирген.

Аталган оорукананын жандандыруу бөлүмүнө Кара-Шоро айыл өкмөтүнүн Ак-Жар айылынан 2 айлык ымыркай өтө оор абалда келип түшкөн. Дарыгердин айтымында, бала кан көп кеткенден улам каза болгон.

Баланы ата-энеси эмчи-домчуга алып барып, денесинин артын тилдиришкен. Ооруканага бала өтө оор абалда түшкөн. Гемоглобини 45ке түшүп кеткен. Кан өтө көп кетип калган. Ата-энесинин шалаакылыгынан улам, түндө ооруканага түшкөн наристе эртең менен каза болуп калды. Биз жардам көрсөтө албадык. Себеби, абалы өтө оор эле. Бул окуя боюнча милицияга билдирүү бердик”, — деген ал.

Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын тескөөчүсү Таалайбек Байтиков учурда бул факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталганын маалымдады. Ымыркайдын өлүмүнө тиешеси барларга, чогултулган материалдардын жана экспертизанын жыйынтыгына жараша мыйзам чегинде юридикалык баа берилет.

233