Эмгекчилер үчүн эс алуу жайларынын шарттары жакшыртылууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында Кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде билдирди.
Анын айтымында, мурда кесиптик бирликтерге 16 эс алуу жайы таандык болуп, эмгекчилердин эс алуусу үчүн мамлекет тарабынан 0,25% каражат бөлүнүп келген. Бул каражат 2024-жылдын жыйынтыгы менен 650 млн сомду, ал эми 2025-жылы 750 млн сомду түзгөн.
“Реформаларга чейин бул акчалар максатсыз пайдаланылып, эс алуу жайларына каражат туура бөлүнбөй калган. Жолдомолор чыныгы муктаж кызматкерлерге эмес, башка адамдарга сатылып кетип, нааразычылыктарга жол ачып берчү. Эс алуу жайларынын абалы да абдан начар болгон.
Ушундан улам, кесиптик бирликтерге караштуу мүлктөрдү президенттин Иш башкармалыгына убактылуу ижарага берүү чечими кабыл алынып, 2024-жылы бардык объектилер өткөрүлгөн. Акыркы эки жылда мамлекет тарабынан болжол менен 1,1 млрд сом каражат бөлүнүп, “Ысык-Ата”, “Жети-Өгүз” санаторийлери жана “Улан” балдар лагери толук оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Мындан тышкары, 2025-жылы чогулган каражаттар 2026-жылы башка санаторийлер менен пансионаттарды жаңылоого багытталат. Бул иштердин негизги максаты — эмгекчилер үчүн эс алуу шарттарын жакшыртуу. Анткени мурда жолдомо менен барган жарандар көп учурда өтө начар шарттарга туш болуп келишкен”,-деди төрага.



