7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб көрүүсү начар балдар окуган эки мектепке Брайль машинкаларын тапшырды

14

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги көрүүсү начар жана азиз балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатына Брайль системасы боюнча жазган Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 машинка тапшырды.

Өкмөт берген маалыматка ылайык, тиешелүү жабдууларды сатып алууга 3 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Дагы 10 машинка Ош шаарындагы ушундай эле мектеп-интернатка берилет.
Perkins Brailler Classic машинкалары окуу процессин уюштурууда маанилүү жана натыйжалуу курал болуп саналат.
Алар Брайль арибинде жазууну системалуу, ырааттуу жана практикага багытталган окутууга шарттарды түзүп, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн жакшыртат.
15