7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Депутат «Газпромдун» жабдуулары эки ай иштебей калгандыктан төлөм көп чыгып жатканын айтты

13

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу “Газпром Кыргызстан” компаниясынын абоненттерге коюлган “акылдуу” эсептегичтеринин көрсөткүчтөрдү аралыктан жеткирген жабдуусу – телеметриясы эки ай иштебей калганын, ал иштеген соң төлөм өлчөмү адаттан көп чыгып жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 22-январда парламенттин жыйынында айтты.

“Бизге жашоочулардан кайрылуулар келип жатат. “Газпром” компаниясы октябрь-ноябрдыкын декабрга кошуп, абоненттерге үч айдын эсеп-дүмүрчөгүн жиберүүдө. Компания өзү расмий түрдө “телеметрия бузулгандыктан көп абоненттер иштеткен реалдуу көлөм түшпөй калган” дептир. Анан эле үчүнчү айда ал жабдуусу кайра иштеп калыптыр. Энергетика министрлигин, “Газпром Кыргызстан” компаниясын чакырып, ушул боюнча түшүндүрмө алсак. Эгер иштебей калса, алар кайсы нерселерди кошуп жатат? Протоколдук тапшырма берип, сураштыралы. Анткени бүгүн эл арасында аз камсыз болгон үй-бүлөлөр бар, пенсионерлер бар, көп балалуулар бар. Төлөм көп келгендиктен алар кыйналып калышууда”, – деди Улукбек Карыбек уулу.

Мурдараак декабрь айындагы көгүлтүр отундун эсеп-дүмүрчөктөрүндө сумма адаттан тыш көп келгени кабарланып, бул айрым тургундардын нааразылыгын жараткан.

“Газпром Кыргызстан” компаниясы 14-январда түшүндүрмө таратып, газ эсептегичтердин бир бөлүгүндө телеметриясы иштебей калгандан улам көрсөткүчтү туура жеткирбей калганын кабарлаган. Ошол себептүү көрсөтүлгөн убакыттагы газды иштетүүнүн көлөмү колдо бар маалыматтардын негизинде гана жүргүзүлгөнү, бул эсеп-дүмүрчөктөрдө айрым так эместиктерге алып келгенин билдирген. Компаниянын маалыматында, ошол күнгө карата жабдуулардагы мүчүлүштүктөр жоюлганы, газ эсептегичтер толук иштеп жатканы жана көрсөткүчтөр толук жетип жатканы айтылган.

Депутат Улукбек Карыбек уулунун сөзүнөн кийин “Газпром Кыргызстан” 22-январда маалымат чыгарып, декабрь айынын аягына карата газ үчүн карызы пайда болгон абоненттерге март айынын аягына чейин төлөмдү кечиктиргендиги үчүн туум эсептелбей турганын билдирди. Компания ошондой эле “маалымат берүү системасы туруктуу иштеп жатканын, эсептөөлөр эсептегичтердин иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрүнүн негизинде жүргүзүлүп жатканын” кабарлайт.

14