7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жана Чүйдө 14 мектеп курулат

10

Бишкекте жана Чүйдө 14 жаңы мектеп курулат. Бул мектептердин курулушу Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Маалыматты курулуш, жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Имаканакун уулу 22-январда Жогорку Кеңеште билдирди.

«Бишкектеги Ала-Тоо жаңы конушунда 1000, Биримдик Кут жаңы конушунда 750, Алтын Ордо — 750, Новопавлока айылында -750, Орто-Сай айылында 750, Улан кичирайонунда 750, Келечек жаңы конушунда 360, Маевка айылында 275 орундуу мектеп курулат. Булардан тышкары №26, №38, №63 жана №83 мектептерге кошумча корпустар тургузулат»-, деп билдирди Иманакун уулу.

Ал эми Чүй облусундагы Ысык-Ата жана Аламүдүн райондорунда бирден мектеп курулат.

Мектептердин курулушу быйыл башталып, 2029-жылы аякташы керек.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында кийинки жылы өкмөт Бишкек шаарында 20 мектеп  куруларын билдирген.

Соңку расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2 миң 394 мектеп бар, анын 2 миң 170и мамлекеттик, калган 224ү менчик. Аларда 1,5 миллиондон ашуун окуучу билим алат.

11