7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Тигүү тармагын өнүктүрүүнүн жаңы чаралары иштелип чыгууда

26

Президенттин тапшырмаларын аткаруунун алкагында тигүү тармагын өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар иштелип чыгууда. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаровдун «Ынтымак Ордодо» тигүү тармагынын өкүлдөрү менен болгон кеңейтилген жолугушуунун жыйынтыгында тармакты өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берген.

Президент өзү демилгелеген  жолугушууга ишкерлер, жүндү кайра иштетүүчүлөр, Wildberries маркетплейсинин өкүлдөрү, логистикалык компаниялар, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана ведомстволордун жетекчилери катышкан.

Жолугушууда өлкө башчысы тигүү тармагынын социалдык маанисин белгилеп, ал калктын иш менен камсыз болуусуна өбөлгө түзүп, экономикалык өсүштүн, экспорттун жана ишкердиктин өнүгүшүнүн маанилүү фактору экенин айткан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тармактагы актуалдуу маселелер жана аларды чечүү боюнча сунуштар кеңири талкууланды. Жыйынтыгында мамлекет башчысы тармактагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүү боюнча министрликтерге, мамлекеттик органдарга жана финансылык институттарга конкреттүү тапшырмаларды берди. Берилген тапшырмалардын аткарылышы президенттин жеке көзөмөлүндө.

Ошол эле күнү мамлекет башчысынын тапшырмасынын негизинде Экономика министрлиги жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү менен жумушчу жыйын өткөрүп, анда тигүү тармагында көтөрүлгөн бардык маселелер жана көйгөйлүү аспектилер кеңири каралып, аларды тармак өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта мындан ары биргелешип ишке ашыруу үчүн министрлик тарабынан иштеп чыгууга алынды.

Белгиленгендей, учурда Экономика министрлиги мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруунун алкагында тиешелүү ведомстволор менен биргеликте тигүү тармагынан келип түшкөн сунуштарды карап чыгып, тармакты туруктуу өнүктүрүүгө багытталган чаралардын үстүнөн иш алып барууда.

27