Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти тарабынан Токмок шаарында дыйкандар жана фермерлер үчүн окуу-семинары уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, иш-чарада топурактын асылдуулугун жогорулатуу жана өсүмдүктөрдү зыянкеч, илдет жана отоо чөптөрдөн коргоо боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле минералдык жер семирткичтерди туура жана натыйжалуу колдонуу боюнча практикалык сунуштар айтылды.



