2026-жылдын 1-январына карата 228 миң 670 адамга топтомо пенсиялык каражаттар төлөнүп берилди. Бул тууралуу Социалдык фонддон билдиришти.
Маалыматка ылайык, төлөмдүн жалпы суммасы 6 млрд сомдон ашкан. Анын ичинде:
- пенсия курагына жеткен жарандарга – 200 717 адам (3 млрд 150
млн сом); - чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткендерге –
4 542 адам (255,7 млн сом); - каза болгон адамдардын мураскорлоруна – 11 986 адам (366,5 млн сом);
- аскер кызматчыларына – 1004 адам (11,9 млн сом);
- ипотекалык кредит алып жаткандарга – 388 адам (88,2 млн сом);
- ипотекалык кредит алгандарга – 8 107 адам (1 829,8 млн сом);
- турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөргө («МИК» ААК каржылайт) – 378 адам (61,9 млн сом);
- банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 417 адам (98,3 млн сом);
- расмий түрдө жумушсуз деп таанылгандарга – 322 адам (6,1 млн сом.);
- оор оорулары бар адамдарга – 809 адам (132,3 млн сом).
«Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз», — деп айтылат маалыматта.



