7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Tesla Optimus роботу 2027-жылы сатыкка чыга баштайт

27

Tesla компаниясы адамга окшош Optimus роботторун 2027-жылдын аягына чейин сатыкка чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу Kazinform агенттиги жазды.

Маалым болгондой, Teslaнын башкы директору Илон Маск Давосто өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумда  Optimus роботтору Tesla`нын заводдорунда иштеп, өндүрүштүк тапшырмаларды аткарып жаткандыгын айткан.

Ал билдиргендей, быйылкы жылдын аягына чейин роботтордун аткарган кызматтары көбөйүп, келерки жылдын аягына чейин кеңири аудиторияга сатылып баштайт.

Роботторду  жасап чыгуу идеясын Илон Маск 2021-жылдын август айында сунуштаган.  Ал эми Optimus роботунун алгачкы бет ачары 2024-жылдын октябрь айында өткөн.  Роботтун болжолдуу баасы 20–30 миң АКШ долларын түзүп, аны массалык керектөө үчүн жеткиликтүү деп мүнөздөгөн. 2025-жылы Optimus роботу бий кыймылдарын аткарып, Голливуддагы кызыл килемден өтүп, кунг-фу элементтерин көрсөткөн.

Ошондой эле буга чейин Маск жакынкы жылдары өндүрүш көлөмү жылына 1 миллион даанага жете турганын айткан. Кийинки этапта Optimus 4 версиясы чыгарылып, анын саны 10 миллионго чейин, ал эми Optimus 5 версиясында 50–100 миллион даанага чейин көбөйүшү мүмкүн.

«Ошондой эле, роботтор мыкты хирург катары  медицина тармагында да зор мүмкүнчүлүктөргө ээ боло алышат. Келечекте бардык жумуштарды роботтор менен жасалма интеллект аткарып, адамдарга иштөө зарылдыгы калбайт»-, деп жазылат маалыматта.

28