Бишкектин Свердлов районунда өзгөчө көп өлчөмдөгү баңгизатты мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал KIA Picanto үлгүсүндөгү унаа менен бара жатканда токтотулган. Текшерүүдө анын жанынан 2 килограмм 14 грамм баңгизат табылган.
Алдын ала соттук-медициналык химиялык анализге ылайык, зат баңгизат — кара куурай (марихуана) болуп саналат.
Кылмыш иши козголуп, шектүү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
Учурда тергөө иштери уланууда.



