Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Айдана Жупуева Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен жолукту. Бул тууралуу БШК билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар шайлоо процесстери жаатында эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосунда тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.
Элчи Шандор Дороги Венгрия Кыргызстандын шайлоо процессинде алдыңкы санариптик технологияларды колдонуу усулун, ошондой эле гендердик квотаны киргизүү жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбасын колдонууга кызыкдар экенин билдирди. Жолугушууда 2026-жылдын 12-апрелинде Венгрияда өтө турган парламенттик шайлоого карата Венгриянын Кыргызстандагы элчилигинде алардын жарандары үчүн шайлоо тилкесин уюштуруу маселеси талкууланды.
Ошондой эле, Айдана Жупуева БШК өз ыйгарым укуктарынын алкагында уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.
Мындан тышкары, Шандор Дороги Венгрияда өтө турган парламенттик шайлоодо эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстандын өкүлдөрүн катышууга чакырды.
Айдана Жупуева Венгриядагы парламенттик шайлоолорго байкоо жүргүзүүгө активдүү катышуу ниетин билдирип, эки өлкөнүн шайлоо органдарынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө жана өнүктүрүү маанилүү экендигине токтолду.



