7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Алайда райондук прокуратуранын имараты жаңыланды

386

Алай райондук прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Ачылыш аземине катышкан башкы прокурор Максат Асаналиев мыйзамдуулукту камсыз кылууда жана жарандардын укуктарын коргоодо райондук прокуратуранын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн арттырууга толук шарттар түзүлүп, жаңы имарат кызматтык милдеттерди татыктуу аткарууга жаңы дем берээрин баса белгиледи.

Алай районунун прокуратурасынын кызматкерлери буга чейин 1968-жылы курулуп, эскилиги жеткен имаратта иштеп келишкен. Жаңы имараттын курулушу кыска мөөнөттө толугу менен аяктап, кызматкерлер заманбап жана зарыл болгон шарттар менен камсыздалды.

Белгиленгендей, учурда өлкө жетекчилиги тарабынан прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого өзгөчө көңүл бурулуп, көзөмөлдүк ишмердүүлүктүн жана жарандарга көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу максатында көптөгөн кызматтык объекттер курулуп жатат.

387