Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, өлкө аймагындагы курулуш объектилери боюнча рейддик иш-чаралар уюштурулууда.
Аталган иш-чаралардын алкагында Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл департаментине караштуу Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан Бишкек шаарынын аймагындагы курулуш объектилери текшерилүүдө.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Шаумян көчөсү 10 дарегинде өз алдынча (уруксатсыз) курулуп жаткан объект аныкталды. Аталган факты боюнча башкармалык тарабынан куруучу субъектке карата мыйзамда белгиленген тартипте административдик чаралар көрүлүүдө.
Министрлик курулуш тармагында иш алып барган бардык уюмдарды жана жеке жактарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш талаптарын, ченемдерин жана эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында техникалык регламенттердин талаптарын так аткарууга жана курулуш иштерин белгиленген стандарттарга ылайык жүргүзүүгө өзгөчө көңүл буруунун зарылдыгын эскертет.
Мындан тышкары, ишемби жана жекшемби күндөрү да өлкө аймагындагы курулуш объектилерине карата рейддик иш-чаралар улантылат.



