7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө жол талашып 27 жаштагы жаранды бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

1

Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүү жаран кылмыштын изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2026-жылдын 24-январь күнү Өзгөн РИИБге аймактык ооруканадан 1999-жылы туулган Э.М. аттуу жаран денесинен учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары башталган.

Өзгөн РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында ушул эле күнү окуя болгон жерден из жашырып качып кеткен 1993-жылы туулган Х. уулу С. аттуу жаран кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө алдын ала алынган маалымат боюнча маркум Э.М. жана кылмышка шектүү Х.уулу С. автоунаа жолун талашып уруша кетишкендиги маалым болду.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

2