7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Министрлик “Аалам Стройдун” өрт чыккан объектиси боюнча чара көрдү

5

25-январга караган түнү Бишкек шаарынын Анкара көчөсү 3а/4 дарегинде жайгашкан курулуш объектисинин №2 блогунун жер төлөсүндө өрт чыккандыгы тууралуу жашоочудан видео кайрылуу келип түшкөн.

Бүгүн, аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында аталган курулуш объектисинде техникалык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталбагандыгы аныкталып, анын кесепетинен курулуп жаткан имараттын №2 блогунун жер төлөсүндө өрт чыгып, өз учурунда жарандар тарабынан өчүрүлгөндүгү маалым болду.

Натыйжада, курулуш иштерин жүргүзгөн «Аалам Строй» ЖЧКсына карата аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча башкармалык тарабынан тиешелүү көрсөтмө берилип, аталган объект тыкыр көзөмөлгө алынды.

Белгилей кетсек, буга чейинки рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө «Аалам Строй» ЖЧКсына таандык бир катар курулуш объектилеринде мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам комиссиянын чечими менен аталган компаниянын лицензиясы 90 күнгө убактылуу токтотулган.

6