7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкек – Каракол: жумасына 4 жолу арзандатылган дотациялык каттамдар

256

Үстүбүздөгү жылдын 4-январынан тартып кышкы мезгилде Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек – Каракол багыты боюнча авиакаттамдарды жумасына төрт жолу — шейшемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарууда. Социалдык багыттагы белгиленген тариф 4 000 сомду түзөт (мурда тариф 4 600 сомго чейин жетчү).

Дотацияланган авиакаттамдар программасын ишке ашыруу президент Садыр Жапаровдун жеке колдоосу менен мүмкүн болду. Туруктуу аба каттамдары калктын мобилдүүлүгү үчүн туруктуу шарттарды түзүп, ички туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөт жана аймактар ортосундагы социалдык-экономикалык байланыштарды чыңдайт.

Ал эми Asman Airlines авиакомпаниясынын расмий мобилдик колдонмосу аркылуу билет сатып алуу ыңгайлуулукту камсыздап, убакытты үнөмдөөгө жана кошумча төлөмдөрдүн болбошуна шарт түзөт.

257