7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түндүк айланма жолдун 15 чакырымын реконструкциялоо быйыл аяктайт

257

Күн мурун транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Бишкектин түндүк айланма жолундагы курулуш иштерин текшерди. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү, жол тыгынын алдын алуу максатында Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 230-236-чакырым аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү 3 жол түйүнү каттам үчүн убактылуу пайдаланууга берилди. Жаз алды менен асфальт басуу иштери уланат.

Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан кышкы курулуш нормаларын сактоо менен калган тилкелерде жер жумуштары уланууда.

Сыргабаев курулуш иштеринин сапатына жана графикке ылайык жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 чакырымы, тагыраагы Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.

258