7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрөбаев: Чоң Чүй каналы суу жоготууларын азайтуу максатында бетондолот

156

Суу жоготууларын азайтуу долбоорунун алкагында Чоң Чүй каналынын Батыш салаасынын суу өткөрмө каналы бетондолот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы миниистри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, учурда министрлер кабинети менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда сүйлөшүүлөр жыйынтыкталып, макулдашуу даярдалып жатат.

«Долбоордун сметалык баасы 37 млн евро деп бааланууда. Азыркы учурда ЧЧК аркылуу келген сугат суусунун 50-55 пайызы жоготууга учурап жатат. Каналдардын түбү бетондолсо, жоготуулар кескин кыскарып, айдоо аянттарына сууну толук жеткирүүгө шарт түзүлөт», — деди ал.

Мындан тышкары, Төрөбаев канал аркылуу агып келип, жерге сиңип, жер астында жайылып жаткан сууну бетондоо аркылуу көзөмөлгө алуу мүмкүн болуп, каналдын ылдыйкы зонасында сазга айланган жерлерди кургатууга өбөлгө түзүлөрүн белгиледи. Бул болсо дыйканчылык жана багбанчылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле калктуу пункттарга жакын аймактарда жаңы конуштарды түптөп, турак жай куруу үчүн жерлерди пайдаланууга жол ачат.

157